| Softline ишкерлигин сүрөттөө | Ишкерликтин куруму | Кардарлар | Корпоративдик материалдар | Инвесторам | Байланыштар |
Softline туруктуу түрдө өнүгүүдө жана ишкерлигин кеңейтүүдө. Биз кардарларга алымдуу болууга умтулабыз, кызматташтыкты жөнөкөй жана ыңгайлуу түзүүгө аракеттенебиз. Ошондуктан Softline компаниясынын аракеттери Москвадагы башкы кеңсенин иши менен эле чектелип калбайт. Сатыктын көлөмүн көбөйтүп, сунуш кылынган тейлөө кызматынын санын көбөйтүп жана сапатын жакшыртып, биз Россиянын аймактарында, КМШ өлкөлөрүндө (жана алыскы чет өлкөлөрдө) иш жүргүзүүнү кеңейтүүдөбүз. 2007 жылдын аягына чейин компаниянын иш-аракеттерин Россия жергесиндеги, ошондой эле Беларустагы, Украинадагы, Азербайжандагы, Казакстандагы, өзбекстандагы, Тажикстандагы, Кыргызстандагы, Грузиядагы, Монголиядагы он тогуз өкүлчүлүк камсыз кылат.
2008 жылы Softline компаниясынын Россияда он эки, ал эми КМШ өлкөлөрүндө эки жаңы өкүлчүлүктөрү ачылат. 2008 жылдын апрелинин башына карата Архангельскиде, Барнаулда, Ижевскиде, Саратовдо, Тюменде, Ашгабатта (Түркмөния), Ереванда (Армения), Стамбулда (Түркия) өкүлчүлүктөр ачылган.
Softline өз кардарлары менен бирге!
