| Softline ишкерлигин сүрөттөө | Ишкерликтин куруму | Кардарлар | Корпоративдик материалдар | Инвесторам | Байланыштар |
Softline компаниясы программалык камсыздоо базарында 1993 жылдан бери иштейт. Ушул кезде биз маалымат технологиялары базарындагы үлүштө эң чыгаан компаниябыз. Компаниянын жалпы акча айландыруусу 2007 жылы $ 292 миллионду түздү, бул 2006 жылдын көрсөткүчтөрүнөн үч эсе жогору. Бүгүнкү күндө Softline компаниясында 1000ден ашуун кызматкерлер иштейт. Компанияда ишкерликтин бардык багыттары ийгиликтүү өнүгүп жатат: программалык камсыздоону лицензиялоо (СМБ жана EPG-сегменттери, жеке сектор менен иштөө) аймактык сегмент, окутуу жана консалтинг. Бизде программалык камсыздоонун эң кеңири ар түрдүүлүгү бар (300дөн ашуун өндүргүчтөр). Биз сунуш кылган программалык камсыздоонун схемалары колдо болгон бюджетти абдан натыйжалуу пайдаланууга жардам берет.
Softline компаниясына кайрылгандан кийин дароо эле сиздер менен жеке менеджер иштей баштайт, ал “кирүүнүн бирдиктүү ачкычы” болуп эсептелет жана сиздин компания менен кызматташууңузга жоопкер.
Softline компаниясы Microsoft, Oracle, SAP, Symantex, Citrix, Adobe, Corel, Chek Point, Trend Micro, Касперскийдин лабораториясы сыяктуу жана башка IT жаатында эң алдыңкы чечилиштерди бергич-компаниялардын өнөгү катары жогорку статуска ээ. Microsoft компаниясы менен кызматташкан учурда Softline ээ болгон статустарды келтирели:
Softline компаниясы өзүнүн кардарларына программалык камсыздоону киргизүү жана пайдалануучуларды окутуу үчүн ар түркүн тейлөө кызматтарын сунуштайт. Softline компаниясынын окуу борбору IT жаатында билим берүүчү тейлөөлөрдүн базарында эң алдыңкы орунда. Консалтинг подразделениеси болсо төмөнкү чөлкөмдө чечилиштерди киргизүү жана кеңейтүү боюнча бөтөнчө тажрыйбага ээ: мекеменин ички түзүмү, коопсуздук, сактама көчүрмөлөр, тиркемелерге алыстан кирүүгө мүмкүндүк алуу, кардарлар менен эриш-аркак алака жасоо системасын киргизүү (Microsoft CRM), бизнести башкаруу боюнча чечилиштерди киргизүү (SAP Business One), корпоративдүү байланыштардын системасын киргизүү (Unifed Communications&Mobility), маалыматты башкаруу (ECM) жана маалыматтык эриш-аркак алака жасоо (Collaboratorion).
Бүгүнкү күндө Москвадагы борбордук офистен тышкары компания Россиянын чоң шаарларында 25 өкүлчүлүгү бар, КМШ өлкөлөрүндө филиалдары бар: Украинада, Белоруссияда, Беларуста, Казакстанда, өзбекстанда, Кыргызстанда, Азербайжанда, Тажикстанда, Түрмөнстанда, Арменияда, ошондой эле алыскы чет өлкөлөрдө – Монголия, Турцияда. Эгерде сиздердин компаниянын бөлүштүрүп жайылган куруму болсо, сиздер Россиянын бүткүл жергесинде, КМШ өлкөлөрүндө, жана алыскы чет өлкөлөрдө биз менен иштесеңиздер болот.
Softline менен россиялык жана чет өлкөлүк чыгаан компаниялар иштешет, алардын арасында: ОАО “Газпром”, ОАО “Лукойл”, ОАО РАО “Россиянын ЕЭСи”, ОК РУСАЛ”, ОАО “ГМК “ Норильск никели”, ОАО “Аэрофлот – россиялык авиакаттамдар”, ОАО “Балтика пиво бышыруучу компания”, “Билайн”, ОАО “МегаФон”, ОАО “МТС”, ОАО “Ростелеком”, ООО “НЕСТЛЕ РОССИЯ”, “Бритиш американ Тобакко”, Cоca-Cola, Samsung Electronics, «Сименс» ж.б. ири, орто, чакан бизнестин сегментиндеги элүү миңден ашуун башка компаниялар бар.